http://www.ktrk.kg/Жолдубай Кайыповду кесиптештери менен жакындары эскерди

Жолдубай Кайыповду кесиптештери менен жакындары эскерди

26 Сент , 22:33 1935

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз телевидениесинин жаркын жылдыздарынын бири Жолдубай Кайыпов. Орто Азиядагы мыкты диктор катары таанылып, кыргыз телесинде 11 жыл диктор болуп эмгектенген. Мындан туура 34 жыл мурда күлгүндөй курагында көз жумган Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу Жолдубай Кайыповдун кыргыз телевидениесинин өнүгүүсүнө кошкон салымын кесиптештери менен жакындары эскерди.

1970- 1980-жылдардагы кыргыз телекөрсөтүүсү. Көрүүчүлөргө теледен жаңылыктарды, кабарларды Жолдубай Кайыпов жеткирчү. Ошону менен катар маанилүү мамлекеттик иш-чараларды алып барчу. Келишкен келбети, кубулжуган мукам үнү, тунук акылы менен Кыргызстандын гана эмес, Орто Азиянын мыкты диктору аталган.

Новости по дате