http://www.ktrk.kg/Назбийке Кадыракун кызы боорун алмаштыруу үчүн операция жасатууга муктаж

Назбийке Кадыракун кызы боорун алмаштыруу үчүн операция жасатууга муктаж

26 Сент , 22:38 4718

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРК менен “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фондусу биргелешип, “Жүрөктөн жүрөккө” долбоору аркылуу ден соолугу начар, жардамга муктаж жарандарга жардам берүүнү улантууда. Эми 16 жаштагы Назбийке Кадыракун кызына боорун алмаштыруу үчүн Индиядан операция жасатуусуна 37 миң америка доллары керек . Ал эми гемодиализге отуруп калган 19 жаштагы Адилет Каниметовго коомчулук тарабынан чогулган акча каражаты апасына берилди. 

Алты жылдан бери тукум куучулук бөйрөк оорусу менен жабыркап келе жаткан Адилет Каниметовго Түркия өлкөсүнө барып операция жасатуусуна негизи 17 миң доллар акча каражаты керек болчу. Мынчалык сумма топтолбосо да, кайрымдуу элибизден 20 миң сом акча каражаты чогулган. Жетпсе да жардам болсун деген ниетте “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фондусунун эсепчиси Адилеттин апасы Аида Садыкованын колуна берди.


Новости по дате