http://www.ktrk.kg/Кышка карата камылга кандай болууда?

Кышка карата камылга кандай болууда?

27 Сент 2018 , 16:28 10186

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкө калкын, мекемелерди жана социалдык объектилерди кышкысын электр жарыгы, жылуулук жана ысык суу менен камсыздаган ишканалар учурда кышка камылганы ыкчам көрүп жаткан маал. Анткен менен мүчүлүштүктөр да жок эмес. Энергетиктер өкмөт башчыга суук түшкөнчө жумуштар толук аткарылып бүтөт деп убада берди. 


Былтыр Бишкек ТЭЦинде түзүлгөн кырдаалдын жыйынтыктарын эске алып Өкмөт быйыл кышка эртелеп даярдык баштаган. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кыштап чыгууга жетет. 

Азыр суу сактагычта 19 миллиард кубдан ашык суу топтолду. Жарыкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн Токтогул ГЭСинин өзүндө реабелитация болуп жатса калган ГЭСтерде кышка карата оңдоо жумуштары жүргүзүлдү. Бирок айрым жумуштар боюнча артта каалуулар бар.

Өкмөт башчы кемчиликтерди белгилеп өттү. Жарыкты эсептеген жабдуулар орнотулбагандыктан жоготуулар дагы деле бар. Дебитордук карыздар маселеси да ордунан жыла элек. Электр энергиясын үнөмдөө иши да солгун. Өкмөт башчы кышка карата даярдыктарды тездетүү тапшырмасын койду. Антпесе Нарын облусунда отун жарым жартылай гана даярдалган. Айрым социалдык объектилер дагы деле көмүр жетиштүү көлөмдө жеткириле элек.


Новости по дате