http://www.ktrk.kg/Интернет жылдызына айланган 3 жашар көк бөрүчү

Интернет жылдызына айланган 3 жашар көк бөрүчү

27 Сент 2018 , 22:35 2636

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кичинекей бала көк бөрү ойноп жатканы тартылган видео интернетте он миңдеген көрүүчүлөрдү топтоду. Социалдык тармактын чет элдик колдонуучулары “кыргыз жигиттери оюнга бала чагынан эле бышып жетилет экен” деген өңдүү пикирлерин калтырууда. 

Соңку аптада бул кыска видео Кыргызстандын интернет айдыңында эң көп көрүлгөн тасмага айланды. Көпчүлүк кичинекей көк бөрүчүгө суктанышты.

Интернетте жылдызга айланган Баязет болгону 3 жашта. Ат оюндарына эртелеп эле кызыгуусу артканы көрүнүп турат. Оюнчуктарынын арасынан бир дагы автоунааны же топту көрүү мүмкүн эмес.  Баязет көк бөрүгө таптаган тасмадагы атын да көрсөттү. Кичинекей улакчы көк бөрүнү кызыгуу менен көрөт. Ал айрыкча Манас Ниязовдун ойногонун баалайт.

Балдарды коргоо боюнча иш алып барган ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү улуттук оюндарды балдарга үйрөтүүгө чакырат. Бул багытта жер-жерлерде мелдештер да уюштурулган. 

Уюм кылымдарды карытып келаткан кыргыз оюндары өсүп келе жаткан муунду адилеттүүлүккө, майтарылбас бекем эркке ээ болууга тарбиялаарын билдирген.


Новости по дате