http://www.ktrk.kg/Чет элдик басма сөздөрдө орус офицеринин эрдиги айтылууда

Чет элдик басма сөздөрдө орус офицеринин эрдиги айтылууда

4 Апр 2016 , 4:22 1445

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чет элдик басма сөздөрдө орус офицери Александр Прохоренконун Сириянын  Пальмира  шаарында баатырларча курман болгону  жөнөндү кызуу талкуу жүрүп жатат. Журналисттер аны орустун “Рэмбосу” деп аташууда. Ал  Сириядагы Россиянын атайын багыттагы бөлүгүнүн офицери болгон. Оренбург аймагында   Тюльганов районунун Городки айылында төрөлгөн.  Мектепти аяктагандан кийин, аба чабуулуна каршы аскер окуу жайын бүтүргөн.  Александрды  Пальмира  аймагына  жогорку  аскер жетекчилиги  атайын  тапшырма менен өзүн жалгыз жөнөткөн . Эр жүрөк офицер байыркы Пальмира шаарынын жанындагы өзүн “ислам мамлекети” деп атаган террордук уюмдун жанкечтилери жашырынган жайларына абадан сокку багыттаган. Бирок  ал террористердин курчоосунда калып,  туткунга түшкүсү келбей, жетекчилигине өзүнө карай бомба таштаганга буйрук берген жана жарылуудан  баатырларча курман болгон, деп Александр Прохоренконун эрдигин «Дейли Мэрриор» гезити биринчилерден болуп даңалазады.  

Кытай  мындан ары эгемендүүлүгүнө коркунуч келгенине макул эместигин Кытай Эл Республикасынын  башчысы Си Цзинпин Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обамага Вашингтондо өткөн ядролук коопсуздук саммитинин учурунда кайрылганын Рейтер агентиги айтып чыкты.  Себеби  АКШнын ракета менен жабдылган  аскер кемеси түштүк Кытай деңизинде ээн эркин сүзүп жүрүшүнө тоскоолдуктар болуп жатат деген шылтоо менен кирип келген.

Эсиңерге сала кетсек түштүк Кытай деңизиндеги талашка түшкөн акваториясы бар. 24 февралда  Кытай өзүнүн аскер учактарын Вуди аралына жиберген. Былтыркы жылдын аягында Америка Кошмо Штаттарынын аскер учактары Б-52 жана аскер кемелери «Кемелердин ээн эркин сүзушү» деп аталган машыгуусунун   учурунда  Вуди аралынын  жанынан өтүшкөн. Бул жүрүш Кытай Эл Республикасынын  кыжырына тийген. Алар бул көрүнүшкө нааразычылыгын билдирип, окуяны жоопсуз калтырбай турганын америка тарапка билдиришкен. Түштүк Кытай деңизинде жайгашкан талашка түшкөн  адам жашабаган бир катар аралдар бар. Бул талашка түшкөн аралдарды бир жагынан Кытай  экинчи жагынан Малайзия,Тайвань,Филиппин, Бруней, Вьетнам мамлекеттери ээлеп калууну көздөшөт. Бул аралдарга көз артканынын  себеби аты аталган өлкөлөрдүн  эң башкысы  деңиз жибек жолунун  ордосу жана кен байлыктардын көптүгү эсептелет.

Орус "Риа Новости" агентиги  билдиргендей Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган  аймактык маселелерди чечүү үчүн Россияны кайрадан кызматташууга  чакырды. Бул кайрылууну түрк мамлекетинин башчысы 31-март күнү Вашингтон шаарындагы Брукингем институнда жолдоду .

Түрк жол башчысы өзүнүн кайрылуусунда, Сирияда  түрк аскер учактары  орус оор учагына кол салганда Анкара менен Москванын ортосундагы карым –катнаштар бир топ үзгүлттүкө учурады деп белгиледи . “СССР урагандан кийин  эки өлкөнүн ортосундагы карым катнаштар жакшы өнүгө баштаган. Бирок бул карым катнаштар аскердик учак чатагына чейин  бузула баштады. Себеби акыркы жылдары орус жетекчилиги туура эмес саясат жүргүзө баштаган”- деп Эрдоган  баса белгиледи.

Москванын терс реакциясына көңүл бөлбөй, СУ -24 аскер учагына байланышкан окуясына  карабай аймактык маселелерди чечиш үчүн Анкара менен Москванын ортосундагы  кайрадан карым –катнаштарды өнүктүрүү керектигин, анткени Россия жана Түркия географияда  маанилүү өлкөлөр экендигин айтат. Ал андан тышкары Украинадагы абалды эл аралык укуктук беренелер менен жөнгө салууга үндөдү.

Финляндия коргоо министри Юсси Ниисте Лента .ру орус интернет  сайтына берген маегинде Финляндияга  Россия кол салбайт деп  терең ишенимин билдирди. Бирок биз тарап Россиянын саясий жана аскер даярдыктарын байкап турабыз деп баса белгиледи.

АКШ президенти Обаманын Сирияга калтырган мурасы эң ырайымсыз геноцид деп кескин сын менен Дженнифер Рубин "Вашингтон пост" гезитине жазып чыкты. Сирия менен Ирак Обаманын бийлигинин   учурунда  айыгышкан бүтпөгөн согуш майданына ошондой эле аягы жок катастрофа мейкиндигине айланды.   Ошон менен катар  Обаманын бийлиги  жыйынтыгы жок, президенттик башкаруу болду деп белгиледи.

Балким кийинки президенттер Иранга ядролук курал түзгөнгө жол бербейт, бирок тукум курут саясатын токтото албай калышты. Жалпы ахвалды оңдогонго такыр мүмкүнчүлүк болбой калды деп баса белгиледи макаланын ээси.

Алмаз Батилов, Биринчи радио

Новости по дате