http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

1 Окт 2018 , 15:18 1008

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз


Кыргызстанда жыл башынан бери кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 400дөн ашты. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, ооруну жуктургандар көбүнчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталууда. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын кабарлашынча, ооругандардын көбү, 45% эмделбеген, бир жашка чейинки ымыркайлар болуп жатат. 

Ошондой эле, 5-6 жашка чейинки бир дозасын алган балдар ооруп жатат. Чоңдор арасында жана мектеп окуучулар арасында жок. Азыр бир жашка чейинки балдар сасык тумоо болсо үйүндө кармап, учурунда дарылабай, кийин гана ооруканага алып барып жатышат. Ал жактан аба аркылуу кызылча жугуп жатат. Учурда Кыргызстанга кызылчага каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 30 миң доза вакцина алынды, деди Ишенапысова. 

Эске салсак, 2015-жылы кызылчанын эпидемиясы күчөп, өлкөдө 800дөн ашуун киши ооруган.


Новости по дате