http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: "Сейилбактын жер тилкесин ээлеген эргулдар ким?"

Элдик репортер: "Сейилбактын жер тилкесин ээлеген эргулдар ким?"

1 Окт , 17:47 259

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Интернет колдонуучу Бишкек шаарынын Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуу бакчасынын жапжашыл болуп турган сулуулугуна суктануу менен айрым көйгөйлүү маселелерин көтөрүп, видеого тартып жөнөткөн. Мамлекеттин карамагындагы эс алуу бакчасына тиешелүү жер тилкеси белгисиз адамдар тарабынан ээленип, тосулганын билдирет. Ошондой эле, аталган паркта кечкисин жарыктандыруу начар экендигин, бир-эки жерде кана жарык күйөөрүн айтып, тиешелүү тараптар кечкисин элдин коопсуз эс алуусу үчүн лампаларды орнотуп коюуларын сурайт.

Эске салсак, борбор калаадагы Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аталган сейилбак муниципалдык менчикке 2013-жылы берилген. Ага чейин 49 жылга жеке тараптарга ижарага берилип, кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүлгөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.





    

Новости по дате