http://www.ktrk.kg/Өлкө башчы С.Жээнбеков журналист Улан Эгизбаевдин “Эрдик” медалын анын ата-энесине тапшырды

Өлкө башчы С.Жээнбеков журналист Улан Эгизбаевдин “Эрдик” медалын анын ата-энесине тапшырды

1 Окт 2018 , 22:56 1301

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таланттуу калемгерди каза болгондон кийин сыйлоо тууралуу мамлекет башчынын жарлыгы мындан бир ай мурда чыккан. Анда Эгизбаевдин коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөндүгү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана активдүү жарандык позициясы эске алынган.

Кыргыз журналистикасы Эгизбаевсиз ээнсиреп турганына эки айдан ашты. Журналист, медиа-эксперттер анын иликтөө материалдарынан көп өзгөчөлүктөрдү байкашчу. Мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелеп, мамлекетке канчалык олуттуу зыяны бар экенин терең талдап, элге эң түшүнүктүү кылып жеткире алган. Бул дээрлик ар бир көрсөтүүсүнүн коомчулукта чоң резонанс жаратышына шарт түздү. 

Маркумдун эмгектери даңазаланып, анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн ар жыл сайын эң мыкты иликтөөчү журналистке Эгизбаев атындагы сыйлык берилет. Бул үчүн жакында түзүлгөн Журналисттик иликтөө фонду ишин баштады. Уюмга колдоо көрсөтүп экс-президент Роза Отунбаева 1 миллион сом которгон. 

Мамлекет башчысы өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата өз жарлыгы менен ар тармактарда үзүрлүү эмгектенген ишмерлерди сыйлаган. Ал эми маркум Уланбек Эгизбаевдин “Эрдик” медалын тапшыруу үчүн, президент анын ата-энесин өзүнчө жеке кабыл алды. Мамлекет башчысы уулун жоготкон ата-энеге көңүл айтып, чыгаан журналисттин эмгектерин эскерди.

“Эрдик” медалын берүүдө коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөндүгү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана активдүү жарандык позициясы эске алынганы бекеринен эмес. Ар тараптуу, дыкат иликтөө менен коомдогу терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарган материалдар көз жаздымда калбайт. Мамлекет башчысы Уланбек Эгизбаев жасаган көрсөтүүлөрү менен кайрадан таанышып чыкканын билдирди.

Калеми курч, талыкпай изденип иштеген журналисттин өлүмү бүтүндөй элди кайгыга чөмүлткөн. Анын ата-энеси менен жубайына коомчулуктун колдоосу кайрат бергендей. 

Журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн учурда көз жумган. Ички иштер министрлиги ал сууга чөгүп каза болду деген корутундуну жарыялаган.

Новости по дате