http://www.ktrk.kg/Баткен облусунда паракор аткаминерлер кармалды

Баткен облусунда паракор аткаминерлер кармалды

2 Окт , 10:03 1196

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ишкерлерден пара алып жаткан жеринен Баткен облусунун аткаминерлерин кармады. Ички иштер министрлигинен билдиргендей, Бажы менен чек ара кызматынын өкүлдөрү, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери Өзбекстандан чыккан жүк ташуучу автоунааларды чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн ишкерлерден акча алып турушкан. 

ИИМдин криминалдык кызматы тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Аскер прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара талап кылуу жана пара алуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык, 1200 доллар алып жаткан жеринен Баткен облустук бажысынын ага инспектору, 2000 сом алып жаткан жеринен "Кызыл-Кыя" көзөмөл өткөрүү пунктунун инспектору, 1000 сом алып жаткан жеринен Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башкы адиси кармалды. Андан тышкары тинтүү учурунда Мамлекеттик бажы кызматынын иш бөлмөлөрүнөн 4 миң доллар, 4 000 сом, Ветеринардык инспекциянын ага инспекторунун бөлмөсүнөн 11 миң сом, Мамлекеттик чек ара кызматына тиешелүү иш бөлмөдөн 28 миң сом табылган. 

Акчанын бардыгы кылмыш ишинин материалдарына тиркелди. Шектүү катары кармалгандар Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.


Новости по дате