http://www.ktrk.kg/"Ош" аэропортунан учканы жаткан Boeing 737 учагы кайра кайрылууга мажбур болду

"Ош" аэропортунан учканы жаткан Boeing 737 учагы кайра кайрылууга мажбур болду

2 Окт , 10:49 3351

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жекшемби күнү  эртең менен   "Ош" аэропортунан   Москва шаарына учканы жаткан  Boeing 737 учагы кайра кайрылууга мажбур  болду.  Окуяга күбө болгондор  аба кемеси Авиатрафик  компаниясына тиешелүү  экендигин  учактын дөңгөлөгү жарылып, резинасы жешилип кеткен сүрөтүн  интернетке жарыялашкан. Бул  маалыматтарды траспорт  жана жолдор министрлигине  караштуу  Жарандык  авиация  агенттигинен тастыкташты.

Анда  учак абага  күүлөнгөндө дөңгөлөгү  жарылып кеткенин байкаган  экипаждын командири  кайра кайрылуу чечимин кабыл алгандыгы айтылат. Окуядан  жабыр тарткандар  жок,  9 сааттан кийин  жүргүнчүлөр  башка учак менен  Москвага  учуп кетишти. Учурда  иликтөө, териштирүү иштери жүрүүдө. Эске сала кетсек,  аталган компаниянын  самолеттору   буга чейин эки жолу  техникалык  кемчимликтерден улам  авариялык конууга  мажбур  болгон. Андан мурун  “Тез жет” компания да эки жолу  ушундай  көрүнүштү  баштан кечиргени  маалым.  

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Новости по дате