http://www.ktrk.kg/ЖК Акыйкатчыга Кубат Оторбаевди бекитти

ЖК Акыйкатчыга Кубат Оторбаевди бекитти

29 Дек 2015 , 18:00 837

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын мурдагы башкы директору Кубат Оторбаев өлкөнүн Акыйкатчысы болуп шайланды. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жалпы отурумунда кабыл алынды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кубат Оторбаевдин талапкерлиги үчүн депутаттардын 63ү макул деген добушун берген, ал эми “Республика Ата-Журт” фракциясынан жылдырылган Рита Карасартовага 26, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы көрсөткөн Алишер Мамасалиедин талапкерлигине да 26 депутат добушун берген.

POST1

Кошумчалай кетсек парламент бир айдын ичинде Акыйкатчыны экинчи ирет шайлап жатат. 10-декабарда палата 3 айлампада шайлоо өткөрүп Омбудсменди шайлай алган эмес. Жарым жыл мурда парламент Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин жылдык маалыматын жактырган эмес жана бюджеттик каражат максатсыз пайдаланган деген Эсептөө палатасынын чечимин жүйө катары келтирип, ишеним көрсөтпөгөндүктөн мөөнөтүнөн мурда кызматынан кол жууган.

 

Новости по дате