http://www.ktrk.kg/Грузияда полиэтилен баштыктарын чыгарууга жана сатууга тыюу салынды

Грузияда полиэтилен баштыктарын чыгарууга жана сатууга тыюу салынды

3 Окт 2018 , 4:53 850

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Грузияда калыңдыгы 15 микрондон аз болгон полиэтилен баштыктарды чыгарууга, сатууга жана өлкөгө ташып келүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу "Новости – Грузия" маалымат агенттиги билдирди.

Мындай аракеттер жаратылышты коргоого жана кирдетпөөгө багытталган. Эми ар бир өндүрүүчү чыгарган ар бир желим баштыкка компаниянын атын жана логотибин жазууга милдеттүү. 

2019-жылдан тарта бардык калыңдыктагы желим баштыктарды чыгарууга тыюу салынат. Тез жок боло турчу биобаштыктарды колдонууга гана уруксат берилет. Биобаштыктар топуракка түшкөндө 24 айдын ичинде жок болсо, полиэтилен баштыктар 100 жылга чейин жок болбойт.




Новости по дате