http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Кабат үйдүн айланасын өзүм билемдик менен тоскондор

Элдик репортер: Кабат үйдүн айланасын өзүм билемдик менен тоскондор

5 Окт , 10:38 202

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун 3-5-6- үйлөрүнүн 1-кабаттынын жашоочуларынын айрымдары өзүм билемдик менен батирлеринин алды - артын коргон кылып дарбазаларды куруп тосуп алышса, кээ бири балкондорун бузуп, улап үй куруп алышкан. 

"Үйлөрдүн арасындагы жолдун ээни 2 метр. Ал жол ары бери өткөн машиналардан бошобойт. 1-кабаттын жашоочулары тосуп алышкандыктан жол тар болуп, жөө жүрүүчүлөр үчүн жол жок. Ал жолдо жаш балдар машиналар менен аралашып ойношот. Балдар эмес чоңдор дагы машина келе жатканда кайда качаарыбызды билбей калабыз. Үйлөрдүн көркүн бузуп, 3-5-6 - үйлөрдүн аралыгына жашоочулар наабайкана, тигүүчү цех, машыгуу залын, жашылча жемиш сатуучу дүкөн жана башкаларды куруп алышкан",- деп жазылат билдирүүдө.. 

Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун тургундары Ош шаар башчысынан айтылган көрүнүштөрдү тартипке келтирип, жолду кеңейтүү менен жашылдандырууга да көңүл буруусун сурайт. 


Новости по дате