http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда жапайы жаныбарларды атууга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда жапайы жаныбарларды атууга чектөө киргизүү сунушталууда

5 Окт 2018 , 12:26 701

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда аңчылыкка чектөө киргизип, жапайы жаныбарларды атууга 10 жыл мораторий киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору даярдалып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев билдиргендей, илбирстин саны Кыргызстанда кескин азайып кеткен. Болжол менен илбирстин акыркы эсептеги саны 200гө жетип жетпейт. 

Илбирс жаныбарларынын тамагына айланган жаныбарларды да коргоо зарылчылыгы бар. Эгер бул жагына маани берилбесе, өз алдынча мергенчилик кылгандар кайберен жандыктыктарды, камандарды атып, өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат. Каражат түшөт деп эле, аларды эпсиз кыра берген туура эмес. Валюталык мергенчиликке чектөөлөр коюлуп, аларды атууга кеминде 10 жылдык мораторий киргизилиши зарыл, - деди эл өкүлү. Мыйзам чыгаруучунун айтымында, учурда Кыргызстан менен Тажикстанда гана мергенчиликке оңой-олтоң уруксат берилген.


Новости по дате