
Элдик репортер: Көл жээги таштандыдан арылды
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Түп районунун Михайловка айылынын жаштары көлдүн жээгин тазалап чыгышты. Мындай маалыматты аталган иш-чаранын уюштуруучулары жөнөткөн.
Алардын айтымында жалпы 10 чакырымга чейинки жээк таштандыдан арылган. Ал эми, ишембиликке 30дай адам катышкан.
Көлгө эс алганы келишет дагы, жээгин таштандыга толтуруп кетишет. Кыргызстандын берметин көздүн карегиндей сактап, аяр мамиле кылганды үйрөнсөк...
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.