http://www.ktrk.kg/Өлкөнүн бийик тоолуу райондоруна кар жаап, үшүк жүрүшү күтүлөт

Өлкөнүн бийик тоолуу райондоруна кар жаап, үшүк жүрүшү күтүлөт

8 Окт 2018 , 4:28 975

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Узакка созулган кургак жана жылуу аба-ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 8-10-октябрь күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланып, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

8-9-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13°, күндүз 13…18°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 8…13° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

9-10-октябрда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

Новости по дате