http://www.ktrk.kg/Лейлек районунда кар жаады

Лейлек районунда кар жаады

8 Окт 2018 , 11:09 1797

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Лейлек районуна кар жаады. Маалыматка ылайык, кар 7-октябрда эртең менен башталган. Аймакка кар түшөрү тууралуу ӨКМдин гидрометеорология агенттиги алдын ала билдирген. Анда Талас, Чүй облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолорго кар жаайт деп кабарланган. 

Кыргызгидромет агенттиги 8-октябрдан 10- октябрга чейин көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, - деп билдирүүдө.


Новости по дате