http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Лекция учурунда студенттерге орундук жетишпейт

Элдик репортер: Лекция учурунда студенттерге орундук жетишпейт

8 Окт , 11:15 265

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош мамлекеттик университетинин Чет тилдер факультетинде окуган студенттер лекция учурунда жерге отуруп же дубалга сүйөнүп туруп угууга туура келет. Орундук жетишпегенди шылтоолоп, айрымдары телефонго алаксыса, кээ бирөөлөрү башка нерсе менен алек. Мындай маалыматы менен аталган факультетте окуган студент жөнөткөн. 

Бирок билимге умтулгандар да жок эмес. Биз, контракт төлөп окуп жаткандан кийин, эмнеге тиешелүү шарттар каралган эмес? Укугубузду коргоп, сын айтканга тилибиз кыска. Эртең окуубузга залакасы тийип калышы мүмкүн. Биздин ушундай шартта билим алып жатканыбызды университетин жетекчилиги көзөмөлгө алып койсо...


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате