http://www.ktrk.kg/КТРКнын 60 жылдык тарыхын камтыган архив санарипке өтүүдө

КТРКнын 60 жылдык тарыхын камтыган архив санарипке өтүүдө

8 Окт , 11:48 846

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРК архивде чогулган материалдарын активдүү түрдө санарипке өткөрүүдө. Азыр Коомдук каналдын архивинде кыргыз телевидениеси жаңы түптөлгөндөн ушул күнгө чейин обого чыккан көрсөтүүлөр сакталуу. Муну менен катар биринчи канал Мамлекеттик архивге дагы тарыхый мааниси бар видеоматериалдарды өткөрүп берет.

Мына ушул видеокадрлар кыргыз телесинин табериги. Азыр КТРКнын архивинде 1958-жылдан ушул күнгө чейин обого чыккан көрсөтүүлөрдүн бардыгы бар. Тагыраак айтканда, КТРКнын башкы корпусунун жер төлөөсүндө кыргыз телесинин баалуу мурастары сакталуу. 

Булар көргөн көзгө жөпжөнөкөй тегерек темир болуп көрүнгөнү менен, анын ичинде баалуу мурас сакталуу. Анда кыргыз телесинин гана эмес, бүтүндөй кыргыз коомчулугунун тарыхын видеокадр аркылуу таасын көрсөткөн тарых сүртүмдөрү бар. 

Мындай архивдик материалдарды күтө билүү чоң жоопкерчилик. Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт дегендей, бардыгын баштапкы калыбында сактоо милдети бар. Бардык пленка, ленталар кылдат текшерүүдөн өтөт.

Архивдик материалдарды санарипке өткөрүүдө ушул жабдыктын жардамы чоң. Бул кассеталарга ылайыкталган, андагы көрсөтүүлөр ушул жабдыктын жардамы менен компьютерге көчүрүлүүдө.
Архивдик материал форматы өзгөрүлгөндөн кийин, ушул техникалардын жардамы менен серверге сакталат. Серверге сакталат деген - санарипке өттү деген сөз. Муну менен катар КТРК улуттук архивди байытууда да бараандуу салымын кошуп келе жатат. Тагыраак айтканда, мамлекеттик архивге дагы видеоматериалдарды өткөрүп турат. Дискке көчүрүлүп жазылган варианты берилет.

Кыскасы, кыргыз телеберүүсүнүн 60 жылдык көөнөрбөс тарыхы дал ушул архивде сакталуу. Андагы ар бир тарых сүртүмү телевидениенин гана эмес, кыргыз коомчулугунун улуу мурасы, баа жеткис байлыгы болуп кала берет.


Новости по дате