http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Кеңеш айылындагы 4 жылдан бери көкөйгө тийген көпүрө көйгөйү

Элдик репортер: Кеңеш айылындагы 4 жылдан бери көкөйгө тийген көпүрө көйгөйү

8 Окт , 16:11 339

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айылына кирчү көчө оңдолбой, көчөгө коюлчу көпүрө түтүк  4 жылдан бери орнотулбай чөп басып жаткандыгын автор видеого тартып жөнөткөн. Себеби, аталган айылдагы көчөнүн абалы, көпүрөнүн жоктугу жашоочулар үчүн ыңгайсыздык жаратып келет. 

"Айыл башчы айлык алып иштеп жатканы менен айылдын бул көйгөйүн 4 жылдан бери чечпей келет. Же көпүрөнү коюшпады, же элге беришпеди. Бизге берсе өз колубуз менен эле орнотуп алмакпыз. Айыл башчысынын жасаган жумушу ушул!", - деп пикирин билдирген нааразы болгон тургун. 

Көпүрө орнотулчу жер чуңкурга айланып, суу толуп кеткени видеодон көрүнүп турат. Автор көйгөйлүү маселе теледен көрсөтүлсө, тиешелүү тараптардан жардам болоор деген үмүттө.   

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате