http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Сел жүргөндө сайдан өтө албай кыйынчылык тарткан тургундар

Элдик репортер: Сел жүргөндө сайдан өтө албай кыйынчылык тарткан тургундар

8 Окт , 15:59 286

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чындыгында бул видеону көрүп зээниң кээйит экен. Бийлик өкүлдөрү жолдор оңолуп жатат деп айтышууда. Чынына келгенде шаар ичиндеги жолдор оңолуп, ал эми чет жактагы айылдардын жолдору каралбай жатат. Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялангандан бери ар аймактын тургундары таза суу менен камсыз болуп, жолдорубуз оңолуп калар деген чоң үмүт менен жашап келишет.  

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Булак-Башы айылынын жашоочулары жолдун түйшүгүн тартып келебиз. Бул жакта сай бар, сайдын аркы беттинде эле үйлөр жайгашкан. Сайдан өтүш кыйынчылыктарды туудуруда. Жаан чачын болгондо сел жүрөт. Селден өтө албай бир топ кыйынчылыктарды тартабыз. Балдарыбыз да мектепке бара албай калышат. Жергиликтүү бийлик көңүл бурса жакшы болот эле.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате