http://www.ktrk.kg/Чыңгыз Айтматов - доор калемгери

Чыңгыз Айтматов - доор калемгери

8 Окт 2018 , 10:56 1469

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Монголиянын мурдагы президенти айткандай, дүйнөдөгү бардык көчмөн элдеринин сыймыгы болгон Айтматовдун мааракесин утурлай Таластын Бакай-Ата районунда окуучулардын колдоосу менен жазуучунун чыгармалары дагы бир ирет жанданып, театрлаштырылып коюлду.

Айтматовдун Жамилясы, Данияры, Дүйшөнү, Акбарасы жана Толгонайы.. Атап отурсак дагы канчасы бар.. Бул ысымдар жазуучунун калеминде гана калбастан, турмушка аралашып кирип, түрдүү ой пикирлерди жаратып, миңдеген окурмандар тарабынан таанылып, баркталып, дүйнө кыдырып, кыргыздын атын алыска алып кеткен чыныгы каармандарга айланышты.

Убакыт учунан карматпай өтүп атса да, улуу жазуучунун чыгармаларынын актуалдуулугу эч бөксөргөн жок. Андыктан Бакай-Ата районунда 4 боз үй тигилип, Айтматовдун аалам тааныган дүйнөсү дагы бир ирет даңазаланды. Биринде эмгек жана сүйүүнү даңктап “Жамилясы” жандандырылса, экинчисинде агартууга арналып “Биринчи мугалими”, дагы башкасында табият менен татту мамилеге чакырып “Кыяматы”, кийинки боз үйдө турмуштун оор сыноосуна туруштук берүүгө үндөп “Саманчынын жолу” чыгармалары коюлду.

Жазуучунун каармандарынын образын мектеп окуучулары менен мугалимдер өздөрү ойноп, көрүүчүлөрдүн көңүлүнө толгон оюн коюшту. Бул саамалык аркылуу мугалимдер жаш муунга Айтматов дүйнөсүн ичинен таанытып, тарбиялык маанисинин тереңдигин көрсөтүүнү аракет кылышкан. 

Доор калемгеринин кичи мекениндегилер, элеттен чыккан улуу жазуучунун урматы дүйнө аралап, Айтматов ааламы деген кадырга жетип, кыргызды кыйырга таанытып жатканы чоң сыймык экенин жашырышпайт.

Залкар жазуучубуздун чыгармачылыгына таазим катары азыр бардык бала бакчалар менен мектептерде анын чебер сүрөткер экендигин даңазалаган түрдүү маданий иш-чаралар өтүүдө.

Новости по дате