http://www.ktrk.kg/ Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды

Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды

9 Окт , 10:21 1075

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынан мурдагы жетекчиси жана экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин аты аталган кылмыш ишин жандантты. Мындай маалыматты башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы биздин каналга билдирди. Ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тергемей болду. 

Эскерте кетсек, былтыр Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы 28-мартта өткөргөн тендерге байланыштуу "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча боюнча иш козгогон. Бул учурда Сарпашев вице-премьер-министр болуп турган. Ал тендерде жеңилген компаниядан жарандардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн бланктарын сатып алууга уруксат бергени айтылган.

Новости по дате