http://www.ktrk.kg/Тоо текени улагы менен аткан адамга айып салынды

Тоо текени улагы менен аткан адамга айып салынды

9 Окт 2018 , 11:13 1675

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоо текени улагы менен кошо өлтүргөн браконьерге 220 миң сом айып салынды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, 7-октябрда агенттиктин кызматкерлери тоо текени атып, видеого тарткан кишини тапканы айтылат. 

Ал Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылынын 46 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Кармалган кишинин айтымында, ал малын айдап баратып, дарыянын жээгинен эки тоо текени көргөн. Анан ойлонбой туруп мылтыгы менен атып, этин үйүнө алып кеткен. Жаран кылган ишине өкүнүп жатканын жана экинчи мындай кадамга барбай турганын билдирди. Ага 220 миң сом өлчөмүндө айып салынып, бир айдын ичинде төлөөгө милдеттендирилди.


Новости по дате