http://www.ktrk.kg/Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Талас облусуна барды

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Талас облусуна барды

9 Окт 2018 , 7:58 893

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда Талас облусуна иш сапар менен барды. Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы облустун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда болот.

Фасолду кайра иштетүү заводунун жана айыл жеринде жаңы мектептин ачылыштарына катышат. Андан тышкары, айыл чарба кооперативдеринин жана Казакстан менен чек арадагы «Чоң- Капка-автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун иштери менен таанышат.




Новости по дате