http://www.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков: "Ата мекендик өндүрүштү колдоо - жылдын негизги милдети"

Сооронбай Жээнбеков: "Ата мекендик өндүрүштү колдоо - жылдын негизги милдети"

9 Окт 2018 , 16:11 1454

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусунда буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышты. Бул «Азра» ишканасы Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында жайгашкан. Мамлекет башчысы заводдун ишинин башталышына расмий старт берди. 

Эскерте кетсек, буурчакты кайра иштетүү, рынокко чыгуу жана сатуу маселелери чет элдик инвесторлордун жана «Айыл Банк», «РСК-Банк», «Кепилдик фонду» сыяктуу финансылык институттарынын колдоосунда жергиликтүү ишкерлердин демилгеси менен чечиле баштады. 

“2018-жылдын башталышында мен жогоруда аталган финансылык институттардын жетекчилерине кредиттик саясатты айыл жергесине буруу, элеттик ишкерлерди колдоо үчүн ресурстардын олуттуу бөлүгүн аймактарга жөнөтүү тапшырмасын бергем. Эми дагы жаңы долбоорлор ишке ашырылып, аймактарда ушул сыяктуу ишканалар ачылат”, -деп белгиледи президент.

 Мамлекет башчысы “2018-жыл - региондорду өнүктүрүү жылы” өлкө боюнча чоң иштер жасалып жаткандыгын белгиледи.

“Биздин максатыбыз - региондорду өнүктүрүү, аймактарда жумушчу орундарды түзүү, жаңы ишканаларды ачуу, инвестицияларды тартуу жана кредиттик саясатты айыл жерине жакындатуу. Жаңы регионалдык демилгелерди колдоо - ушул жылдын негизги милдети”, - деди президент. 

Сооронбай Жээнбеков завод 250гө жакын жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылганын канааттануу менен белгиледи. 

"Инвесторлого дал ушундай аяр мамиле жана кызматташуу өлкөнүн жана региондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, жумушсуздукту кыскартууга бараандуу салым кошот. Жергиликтүү тургундар эми өз продукциясын рыноктук баада сата алат жана алардын түйшүкчүл талыкпаган эмгеги талаага кетет деп санаа тартпайт", - деди мамлекет башчы. 

Бул "Азра" ишканасынын негизги багыты буурчак өстүрүү, экспорттоо, интенсивдүү мөмө бактарын отургузуу, продукцияны экспорттоо. Жылына орточо эсеп менен 15 миң тоннадан ашуун буурчак экспорттолот. Тазалоо боюнча эки завод, буурчакты өлчөө жана таңгактоо өндүрүшүнүн күнүмдүк орточо кубаттуулугу 250 тонна, ошондой эле Кыргызстан боюнча 700 гектардан ашуун территорияга интенсивдүү алма бактары отургузулган.

Ал арада Таластын төө буурчагын сатып алууга Россиялык ири ишкана өкүлдөрү кызыкдар болууда. Бул жөнүндө Таластагы жыйында айтылды. Жыйынга россиядагы белгилүү кайра иштетүүчү заводдун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик, таластык ишкерлер катышты. Жергиликтүү бийлик төө буурчакты экспорттоо таластык дыйкандардын мээнет акыбети кайта турган баада болууга тийиш экенин билдиришти. Мүмкүн болушунча Таластык ортомчу ишкерлер муну эске алышы зарыл. 


Белгилей кетсек, орусиялык кайра иштетүүчү завод Таластын төө буурчагынын бир эле "лопатка" сортун сатып алууга кызыгып жатышат. Бул сорт Таластагы төө буурчак талаасынын 80-90 пайызын ээлейт. Таласта жылына 80 миң тоннадан кем эмес төө буурчак өндүрүлүп, дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнө экспорттолот. Сыртка чыгууга жергиликтүү ишкерлер ортомчулук кылышат. Россиялык ишкерлер Таласта өндүрүлгөн төө буурчак сапаттуу болуп, дүйнөлүк рынокто орду бар экенин белгилешти.

"Биз таластык ишкерлер менен жолугушуп, биздин "Пиканто" деген кайра иштетүүчү заводубузга төө буурчак жеткирүүчү ишканалар менен келишим түзүүгө келгебиз. Таластагы 7-8 заводду кыдырдык. Бул заводдор төө буурчак өндүргөн дыйкандардан данды сатып алып, тазалап, сорттоп, каптоочко каптап сыртка чыгарышат экен. Арасында 2018-жылы чыккан, суткасына 150 тонна төөбуурчак тазалаган жабдыгы бар заводду көрдүк. Ушундан улам таластык дыйкандар, алып-сатарлар бир орунда турбай, өтө жакшы көрсөткүч менен жанданып жатканын билдик",- деп билдирди орусиялык ишкер Алексей Горнов.

 

Новости по дате