http://www.ktrk.kg/13-14-октябрга аба ырайы: өлкөнүн айрым аймактарында жаан карга айланат

13-14-октябрга аба ырайы: өлкөнүн айрым аймактарында жаан карга айланат

11 Окт , 16:15 352

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

13-14-октябрь күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кыргызгидрометтен кабарлашкандай, 14-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн. Ал эми 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. 

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Новости по дате