http://www.ktrk.kg/Ошто өзгөчө муктаждыктагы балдарга билим берүү аракети талкууланды

Ошто өзгөчө муктаждыктагы балдарга билим берүү аракети талкууланды

11 Окт 2018 , 12:33 1432

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ошто өзгөчө муктаждыктагы балдарга билим берүү аракети талкууланды. Бул багытта Орусия менен Тажикстандан келген адистер тажрыйбасы менен бөлүштү. 


Жамгыр жана күн балдары. Адистер аутист-балдарды жана Даун синдрому менен жабыркаган бөбөктөрдү ушунтип атап коюшат. Алардын дүйнө таанымы жана кабыл алуусу өзгөчө. Деген менен, бул балдар коомдун бир бөлүгү жана алар колдоого муктаж.

“Айданек” балдар бакчасы 20 жылдан бери инклюзивдик билим берүү багытында иштеп келет. Бул жерде окутуу өзгөчө ыкма менен жүргузүлөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген наристелер дени сак балдар менен бирге тарбияланып, чогуу ойноп, бирге билим алышат.

2016-жылы Ошто 50дөн ашык бала инклюзивдик билим ала баштаган. Алардын ону учурда жалпы билим берүүчү мектепке барып калды. Иштен натыйжа алуу үчүн ата-энелер, тарбиячылар, психологдор, логопед жана дарыгерлер тыгыз иш алып барышы керек. “Инклюзивге карай кадам” окутуу семинарында да дал ушул маселе талкууланды. 




Новости по дате