http://www.ktrk.kg/Чейрек кылымга жакын кыргыз телевидениесинде эмгектенген Чынар Капарова

Чейрек кылымга жакын кыргыз телевидениесинде эмгектенген Чынар Капарова

11 Окт , 8:54 704

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз телевидениесинин тарыхында өзгөчө орду бар инсандар тууралуу көрсөтүүбүздү улантабыз. Бүгүнкү каарманыбыз, токсонунчу жылдардын аягында эфирде жаңылыктарды кагаз карабай айтып берип, жылдызы жанган диктор Чынар Капарова. Ал диктор гана эмес, алып баруучу, журналист катары да жалпы кыргызстандыктарга белгилүү.


1998-жыл, кыргыз телекөрсөтүүсүнүн “Ала-Тоо” маалымат программасы. Эфирдеги Чынар Капарова өзгөчө өңү, чач жасалгасы менен гана эмес, жаңылыктарды кагаз карабай айтып бергени менен эл арасына чагылгандай эле тарап, миңдеген кыргызстандыктардын күтүп көргөн дикторуна айланган. 

Ошол жылы кыргыз теле көрсөтүүсү жаңы техникалуу болуп, алып баруучулар тексттерди суфлердон окуп башташкан. Капарованын алып баруучулук эмгек жолу да дал ошол убакытка туш келген.

Чынар Капарова 20 жылга жакын убакыт КТРКнын “Ала-Тоо” студиясынын эфиринин көркү болду. Ал чейрек кылымга жакын кыргыз телесиндеги жумушунда жаңылыктарды алып барып гана тим болбостон, материалдарды жаза билген, телерепортаждарды жер-жерлерден даярдай билгени менен өзгөчөлөнө алган.




Новости по дате