http://www.ktrk.kg/Москвада жөө жүргүнчүлөрдү кокусунан сүзүп алган кыргызстандык таксистке сот өкүмү чыкты

Москвада жөө жүргүнчүлөрдү кокусунан сүзүп алган кыргызстандык таксистке сот өкүмү чыкты

12 Окт , 16:07 451

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Москва шаарынын соту футбол боюнча дүйнө чемпионаты учурунда жөө жүргүнчүлөрдү кокусунан сүзүп алган кыргызстандык таксистке өкүм чыгарды. 

Ага ылайык, Чыңгыз Анарбек уулу 1 жарым жылга кара жумушка тартылып, айлык маянасынан 15% кармалат. Ошондой эле 3 жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыратылды. 

Айыпталуучу өз күнөөсүн моюнуна алып, өкүнгөн. Эске салсак, 16-июнда Москванын борборунда такси жолдон чыгып, тротуарда кетип бара жаткан кишилерди кокустан сүзүп алган. Анын жыйынтыгында 7 адам жабыркаган. 

Айдоочу полиция кызматкерлерине кырсыкка чейин 20 саат бою рулда отурганын, газ менен тормоздун баскычтарын алмаштырып алганын айткан.



Новости по дате