http://www.ktrk.kg/КТРКнын “Элим менен элетте” долбоорунун чыгармачыл тобу Ысык-Көл жергесине барды

КТРКнын “Элим менен элетте” долбоорунун чыгармачыл тобу Ысык-Көл жергесине барды

13 Окт 2018 , 11:39 1138

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын “Элим менен элетте” долбоору Ысык-Көл жергесине барды. Мында дубандын бардык райондорунан эл чогулуп, Түп районунда уз-чеберлер, өнөр адамдары өз таланттарын тартуулашты. Аймактарды өнүктүрүү жылына жана КТРКнын 60 жылдык мааракесине багытталган иш-чара, элет элинин маданиятын таанытууга, алардын жашоо-шартын жакшыртууга максатталган. 

Мында келгендер руханий азык алуу менен бирге көкүрөктөрүндөгү ой-пикирлери менен да бөлүштү. Ошондой эле КТРКнын жетекчилигине түздөн-түз суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 

Алар көгүлтүр экран аркылуу айыл турмушун көбүрөөк чагылдырып, үлгүлүү ишкерлердин ийгиликтерин жайылтууга жардам берүүнү жана "Алтын казынадагы" эски берүүлөрдү кайталап көрсөтүп турууну суранышты. “Элим менен элетте” долбоору буга чейин Нарын, Ош, Талас облустарында өткөн. Эми Баткен облусунунун эли менен жолугууга сапар алды.



Новости по дате