http://www.ktrk.kg/Арстанбап жаңгак токоюн коргоо зарылдыгы жаралды

Арстанбап жаңгак токоюн коргоо зарылдыгы жаралды

15 Окт 2018 , 15:43 1698

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы жылдары климаттын өзгөрүүсүнүн натыйжасында өлкөдөгү жаңгак токойлору кооптуу абалда калганын "Eurasinet" басылмасы жазып чыкты. Макалада Арстанбап жаңгак токою экологиялык байлык гана болбостон, жергиликтүү эл аны киреше булагы катары пайдаланары жазылган. 

Арстанбаптын тургуну Хуснидин Абдухаликовдун айтымында, жергиликтүү эл тапкан кирешесине малды көбөйтүп, токойдун топурагын эрозияга учуратууда. Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, 2017-жылы Кыргызстандан 281 тонна жаңгак сатылып, 6 миллион доллардан ашык пайда түшкөн. Пайда тапканы менен Арстанбаптын барган сайын бузулуп бара жаткан экосистемасына кейиген жергиликтүүлөр бийликтен чукул чараларды күтүп жатышат, - деп баяндайт "Eurasinet" басылмасы.


Новости по дате