http://www.ktrk.kg/"Элим менен элетте" долбоору Ысык-Көл жергесине барды

"Элим менен элетте" долбоору Ысык-Көл жергесине барды

15 Окт 2018 , 23:42 1870

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мында дубандын бардык райондорунан эл чогулуп, Түп районунда уз-чеберлер, өнөр адамдары өз таланттарын тартуулашты. Аймактарды өнүктүрүү жылына жана КТРКнын 60 жылдык мааракесине багытталган иш-чара, элет элинин маданиятын таанытууга, алардын жашоо-шартын жакшыртууга максатталган. Мында келгендер руханий азык алып, ой-пикирлери менен да бөлүштү. Ошондой эле КТРКнын жетекчилигине түздөн-түз суроо беришти.

 "Элим менен элетте" теле долбоору Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылына жакын жерде өттү. Долбоорго облустун баардык район, шаарларынан өкүлдөр чакырылган. Коноктор ар түрдүү тармактарда эмгектенген, облустун социалдык, экономикалык өсүп өнүгүүсүнө барандуу салымдарын кошуп жаткан инсандар. Теле долбоор быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылына жана коомдук телерадиоберүү корпорациясынын алтымыш жылдыгына арналууда. Көрсөтүү аркылуу элет элинин социалдык, экономикалык маселелерин жеринде угуп, элдин пикирин эске алуу менен жаңы теле долбоорлорду обого алып чыгуу болууда. 

Ысык-Көл облусунун эли көгүлтүр экран аркылуу айыл турмушун көбүрөөк чагылдырып, үлгүлүү ишкерлердин ийгиликтерин жайылтууга жардам берүүнү жана «Алтын казынадагы» эски берүүлөрдү кайталап көрсөтүп турууну суранышты. “Ала-Тоо 24” студиясы тарабынан берилип жаткан “Элдик репортер”, “Эл деми” рубрикалары коомчулук арасында жылуу кабылданып жатканы туурасында да пикирлер айтылды. 

“Элим менен элетте” долбоору буга чейин Нарын, Ош, Талас облустарында өткөн. Эми Баткен облусунунун эли менен жолугууга сапар алды. Долбоор КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил" каналы тарабынан уюшулган. Аймактарды өнүктүрүү жылы менен КТРКнын 60 жылдык мааракесине багытталган долбоордун максаты - элет элинин жашоосу, маданиятына өзгөчө көңүл буруу.

Новости по дате