http://www.ktrk.kg/Москвада мекендештерин сабап, тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Москвада мекендештерин сабап, тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

16 Окт 2018 , 11:10 842

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз


 

Москвада мекендештерин сабап, тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. ИИМден маалымдашкандай, кармалгандар менен жабыркагандар таксомотордук фирмада иштешкен. Маалыматка ылайык, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө белгисиз адамдар Москва шаары менен Москва облусунда Көлбаевдин атын жамынып мекендештерин сабап, тоноп жүргөн адамдар боюнча бир нече билдирүү келип түшкөн. 

Ушул жылы июлда аларга укук коргоо органдары тарабынан "күч колдонуу менен тоноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен экөө "МТК" таксомотордук ишканада иштеп, мекендештерине "салык" салып келгени аныкталды. ИИМден билдиришкендей, жабырлануучу унаасын сатып Кыргызстандан Москвага келгенде, таксомотордук паркка расмий келишими жок ишке орношуп ошол жактан Аскар жана Мадияр деген балдар менен таанышкан. Алар августтун башында жабырлануучуну коркутуп 1600 долларын, паспортун, телефонун жана башка баалуу буюмдарын тартып алган. 

Мындай көрүнүш кайрадан кайталанганда, жабырлануучу укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Доо арыздын негизинде Аскар менен Мадияр иштеген жер тинтүүгө алынып, тапанча, белги коюлган 10 миң рубль, 54 айдоочулук күбөлүк, кыргызстандык жарандардын 35 паспорту, үч аскер билети менен саат табылган. Учурда колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн дагы башка иштерге тийиштиги бар-жогу иликтенип жатат.

Новости по дате