http://www.ktrk.kg/Журналист, диктор Ширин Жумагулова сегиз жылдан кийин кайрадан эфирде

Журналист, диктор Ширин Жумагулова сегиз жылдан кийин кайрадан эфирде

17 Окт , 23:01 2102

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз телевидениесинин тарыхында өзгөчө орду бар инсандар тууралуу көрсөтүүбүздү улантабыз. Бүгүнкү каарманыбыз, токсонунчу жылдардын аягында эфирде жаңылыктарды эки тилде даярдап, түз эфирде саясий көрсөтүүлөрдү алып барган Ширин Жумагулова. 

Сегиз жылдан кийин кайрадан жаңылыктарды эфирден окууга даярданып жаткан - Ширин Жумагулова. Ал кыргыз көрүүчүлөрүнө 90-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башында журналист, диктор, бир катар программалардын алып баруучусу катары таанымал болгон. 

Кыргыз телевидениесине социолог болуп жумушка орношкон Ширин Жумагулованын так дикциясы, ой-чабытынын дааналыгы аны журналистикага алып келген. Чыйрак жаш кадр бат эле журналисттик кесипке баш оту менен кирип, теледеги 16 жыл эмгегинин 15 жылы жумуш дайыма "кайнап турган" жаңылыктарда, “Ала-Тоо” маалымат программасында өткөн. Ал эки тилде репортаждарды жасаганы менен да өзгөчөлөнө алган. “Эл билгиси келет”, “Биринчи менен бирге” жана “Ачык сөз” программаларын түз эфирде алып барган. Ошондой эле өлкөдөгү мамлекеттик жана саясий ири иш-чаралар, ШКУ жыйындары, шайлоолордун жүрүшү, “Ала-Тоо” аянтындагы салтанаттар Ширин Жумагулованын алып баруусунда өтчү.

Ширин Жумагулова азыр жогорку окуу жайларда, атайын журналисттик мектептерде чакыруу менен тележурналистика боюнча көрсөтмө сабактарды өтүп, лекцияларды окуйт.
Бүгүн Ширин Жумагулова кыргыз телесинде эмгектенбегени менен азыр жасап жаткан жумушу медиа тармагынан алыстаган эмес. Ал өлкөдө биринчилерден болуп, “Кыргыз телевидениесинин өлкөнүн социалдык-саясий жараяндарына тийгизген таасири. Ала-Тоо маалымат программасынын мисалында” - деген аталышта илимий иш жазып, кандидаттык жактаган.
Ширин Жумагулова учурунда КТРдин, мамлекеттик мекемелердин бир катар сыйлыктарына ээ болгон.


Новости по дате