http://www.ktrk.kg/Керчь шаарындагы кол салуудан каза болгондордун саны 20га жетти

Керчь шаарындагы кол салуудан каза болгондордун саны 20га жетти

18 Окт 2018 , 14:13 904

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Крымдын Керчь шаарындагы политехникалык колледжеги ок атуу менен жардыруудан жаракат алган беш киши комада жатат. Реанимацияда жалпы 10 киши жатканын "Россия 24" телеканалына саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова кабарлады. 

Керч шаарындагы политехникалык колледжин имаратында 17-октябрда жарылуу жана ок атуу болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, окуя учурунда өлгөндөрдүн саны 20га жетти. Өмүрү кыйылгандардын көпчүлүгү өспүрүмдөр, арасында окуу жайдын мугалимдери да бар. Мындан сырткары, дагы 50дөй адам жаракат алганы аныкталды. Орусиянын Улуттук антитеррордук борбору алгач политехникалык колледжин ашканасында колго жасалган жардыруучу зат жарылганын кабарлаган. 

Бийлик бул окуяны азыр башында мүнөздөлгөндөй, Кылмыш кодексинин “теракт” эмес, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча иликтеп жатат. Анткени окуя болгон жерде 18 жаштагы студент өзүн-өзү атып, өмүрүн кыйганы да белгилүү болду. Кылмышка шектүүнүн ысымы политехникалык колледжин төртүнчү курсунун студенти Владислав Росляков деп айтылды.



Новости по дате