http://www.ktrk.kg/Чүйдө кыргыз-кытай ишканасы пайдаланууга берилди

Чүйдө кыргыз-кытай ишканасы пайдаланууга берилди

18 Окт 2018 , 17:31 417

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүйдө тоо-кен өнөр жайына, жол курууда жана энергетика тармагына керектүү болгон жардыргыч заттарды өндүргөн кыргыз-кытай ишканасы пайдаланууга берилди. Заводдун ачылышына Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Ошону менен бирге Премьер-министр аймактардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошуп жаткан Чүй өрөөнүндөгү бир катар ишканалардын иши менен да таанышты. 


Өлкөгө инвесторлордун тартылышы менен мындай жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүп жатканы кубандырат. Анын натыйжасында салык түшүп, аймактын инфраструктурасы жакшырып, жалпы өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө да шарт бар. Заводдон жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 150 млн сом түшөт жана алтымыш жергиликтүү тургун жумуш менен камсыздалат.

Премьер-министр инвесторлордун көмөгү Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында көрсөтүлүп жатканын белгилеп, Өкмөт аймактарды жана анын инфраструктурасын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары аныктаганын ырастады. Учурда жергиликтүү жетекчилердин иши инвесторлорду тартуу, жумуш орундарын түзгөнү менен бааланып жатат.

Заводдун иши өлкөнүн стратегиялык максаттарына багытталган. Ишкана өндүргөн жардыргыч заттар тоо-кен өнөр жайына, жол курууда, энергетика тармагына колдонулат. Завод жаңы технологиялар менен салынды жана Кыргызстандагы аммонит чыгарган жалгыз ишкана. 









Новости по дате