http://www.ktrk.kg/Назира Ахмедова: “Мага 24 саат да аздык кылат”

Назира Ахмедова: “Мага 24 саат да аздык кылат”

19 Окт , 0:12 1025

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз журналистикасында ак пейили менен кызмат кылып, чындыкты ачык айтып, керек болсо коомго жол көрсөтө алган кесипкөй журналисттер аз эле чыгаар. Алардын бири Назира Ахмедова. Ар тараптуу, кесипкөй журналист "Ала-Тоо 24" каналынын "Кыргыз телевидениесинин легендалары" рубрикасынын коногу болду. 

“Сиздер менен кайрадан Назира Ахмедова!”. Мына ушул ысымды сагынгандарды “Ала-Тоонун” 19-октябрдагы орусча чыгарылышын кайталап көрүүгө чакырабыз. Ахмедова “Кыргыз телевидениесинин легендалары” рубрикасында түз эфирде жаңылыктарды алып барды.

Дайыма бир иштин үстүнөн чыгып, идеясы төгүлүп турган Назира Ахмедова телеге келген күндөн көп өтпөй, белдүү журналист катары коомчулукка таанылды. Өзүнүн идиректүүлүгү, зээндүүлүгү менен эфирдеги 18 жылдык өмүрүндө, кыргыз журналистикасында жаңычылдык, эл аралык стандарт деген түшүнүктөрдү калыптандыра алган адистердин сап башында турат.

Ахмедова - чыныгы кесипкөй журналист. 8 жыл жаңылыктарды алып барып, андан соң мамлекеттик маанилүү иш-чараларды чагылдырып, кабарчылык таланты менен дүйнөнү кыдырып чыккан.

Өзүнүн жигердүү ишмердүүлүгү менен журттун калың катмарына таанылган инсан. Бир эле учурда бир канча жоопкерчиликтүү долбоорлорду ишке ашырып үлгүргөнү үлгүргөн. Тыным билбеген, дайыма изденүүдө жүргөн журналист: “Мага 24 саат да аздык кылат”, - дейт.

Ал бир канча белдүү кызматтарды аркалап, мамлекет үчүн маанилүү долбоорлорду жетектеген. Бул тармактагы ишмердүүлүгүнүн жеке жашоосуна тийгизген таасири тууралуу ал мындай дейт:.

Назира Ахмедова журналистикалык маданиятты калыптандыруу жолунда жүргөн чоң устат. Азыр ал Бишкек Гуманитардык университетинде бүтүндөй бир кафедраны жетектеп, артынан жоон топ шакирттерди тарбиялап келүүдө.



Новости по дате