http://www.ktrk.kg/Апта аягында адам өлүмдөрү менен коштолгон жолдогу кырсыктар

Апта аягында адам өлүмдөрү менен коштолгон жолдогу кырсыктар

22 Окт , 11:07 651

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз


 

Кемин районунда "Mercedes-Benz" менен "Toyota Harrier" унаалары кагышып, үч айлык наристе менен айдоочу мүрт кеткен. Бул туурасында Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты. Кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Кызыл-Октябрь айылында, 21-октябрда саат 8.30да болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, Mercedes-Benz автоунаасынын айдоочусу уктап кеткен. Кырсыкка учурагандардын ичинен жаракат алган үч киши ооруканага жеткирилген. Милициядан жеринде материал чогултулуп, экспертиза дайындалганын айтышты.

Дагы бир адам өмүрүн алган жол кырсыгы Ош-Бишкек жолунда катталды. ЖК депутаты Нодирбек Каримов Өзгөн районунан чыгып, Бишкекке үй-бүлөсү менен келе жатканда Ош-Бишкек жолунун 205-чакырымында кечээ кечки саат алтыда кырсыктады. Бул туурасында эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров билдирген. Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен Каримовдун энеси ошол жерден каза болгон. Ал эми депутаттын өзү жеңил жаракат алган. Жубайы жана кайненеси ошол кырсыктаган аймактагы — Токтогул райондук ооруканасына жайгаштырылды.

Ал эми борбор калаада "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев мушташтан улам каза тапты. Белгилүү болгондой, калаадагы Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүндө эки унаа сүзүшүп, айдоочулар мушташа кеткен. Окуя жекшемби күнү болжол менен кечки сегизде болгон. "Алар алгач кер-мур айтышып, андан соң мушташа кетишкен. Жакыпбаев жол четиндеги бордюрга башы менен урунуп, каза болду," — деп айтылат маалыматта. Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барганда, Жакыпбаевдин автоунаасынын ичинде аялы болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, өткөн жумада 189 айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталганын . Өлкө аймагында 12-18-октябрь күндөрү текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада 18 миңден ашык жаран административдик айыпка тартылган. Анын ичинде жол белгилерине маани бербеген 3 миңден ашык, унаасынын терезесин караңгылаткандыгы үчүн 35, жогорку ылдамдыкта унаа башкаргандыгы учүн 2 миңден ашык айдоочу кармалган. Дагы башка жол эрежелери бузулгандыгы үчүн 12 миңден ашык жаран айыпка жыгылды. Атайын унаа токтотуучу жайга миңдей жарандын унаасы киргизилди.

Новости по дате