http://www.ktrk.kg/Борбор калаада эл аралык тоо форуму өтүүдө

Борбор калаада эл аралык тоо форуму өтүүдө

23 Окт 2018 , 17:59 1912

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан тоолуу өлкө. Өлкөнүн 92 пайызын тоо курчап турат. Деген менен бүгүнкү күндө негизги экологиялык маселелердин бири  бул – тоо жана анда жайгашкан мөңгүлөр. Тактап айтканда, акыркы мезгилдерде түбөлүк муз чокуларынын эрип  баратышы бир эле Кыргызстанды эмес, коңшу жайгашкан мамлекеттердин да тынчын алып турган кез. 

Буга дүйнө окумуштууларынын иликтөөлөрүндөгү 2030-жылдардан баштап жер планетасында суунун тартыштыгы байкалып баштады, -деген маалыматтары себеп. Адистердин маалыматтында, тоо экосистемасынын бузулуусуна климаттын өзгөрүүсү таасир өтүүдө. Мындай маалыматтар Бишкекте өтүп жаткан тоо форумунун катышуучулары тарабынан айтылды.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Новости по дате