http://www.ktrk.kg/Түшкөн жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салынат

Түшкөн жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салынат

25 Окт 2018 , 15:14 1551

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Күздүн келиши менен бак – дарактардан түшкөн жалбырактарды тазалоо иштери жаралат. Жарандар эч ойлонбостон эле жалбырактарды чогултуп, өрттөп салуу аракетинде. Бирок, бул тазалоонун эң туура эмес жолу.

Бишкек шаарында таштанды жана түшкөн жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Санитардык-экологиялык инспекциядан кабарлашты. Учурда саргарган жалбырактар көп түшүп, аны өрттөө күчөп турган маал. Жалбырак өрттөөдөн чыккан ис экологияга, адамдардын ден соолугуна зыян болгондуктан инспекторлор калаа ичин байма-бай текшерүүдө. Тартип бузган жеке тараптарга 2000 сом, юридикалык тараптарга 10 миң сом айып пул салынаарын аталган инспекциядан билдиришти.

Адистердин айтымында, күйгөн жалбырактан чыккан ис ден соолукка зыян. Аны өрттөө шаардын биотүрдүүлүгүн жок кылат. Бул өз кезегинде шаардын чаңга оролошун күчөтүп, акыр аягы шаардыктардын саламаттыгына таасир этет.

Экологдордун пикиринде, тескээрисинче жалбырактардын – топуракка кошулушу өсүмдүктөргө керектүү азыктандыруучу затка айланат. Жазында дарактар бүчүр байлай баштаганда топурактан ошол керектүү заттарды соруп ала баштайт. Ал эми биз  адамдар даракты ушундай азык заттан куру калтырып, жаратылышка зыян келтирүүдөбүз.

Негизи шаарлардагы жалбырактарда уулуу заттар көп. Абадагы зыяндуу заттын баарын өзүнө сиңирген жалбырактарды өрттөө менен биз андагы уунун баарын кайрадан абага чыгарабыз. Жыйынтыгында топурак сапатын жоготуп, кумга айланат.

Жаратылышка жана адамдардын ден соолугуна кам көрүү максатында Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Санитардык-экологиялык инспекция жалбырак өрттөөгө тыюу салат. Эгер мыйзам бузгандарды көрүп-билгендер болсо мэриянын Call-борборунун 185 номерине же Санитардык-экологиялык инспекциянын 0312 65-81-59 телефонуна билдирсе болот.

Новости по дате