http://www.ktrk.kg/Шүкүрбек Бейшеналиевге  - 90 жыл

Шүкүрбек Бейшеналиевге - 90 жыл

25 Окт , 18:12 589

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2018-жылы өкмөттүк деңгээлде өткөрүлө турган юбилейлик иш-чаралардын тизмесине Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгын улуттук маанидеги юбилейлик иш-чара катары өткөрүү белгиленген. Ага ылайык буга чейин өлкө аймагында жазуучу тууралуу бир катар эскерүү кечелери жана ар кандай иш чаралар өтүп келсе, мамлекеттик деңгээлдеги чоң салтанат кыргыз улуттук драма театрында белгиленди.



Шүкүрбек Бейшеналиев 12 жашынан тарта колуна калем кармап, чыгармачылыктын түйшүгүн тарта баштаган. Анын калемгерлик чеберчилигинин алгачкы кадамы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туура келет. Алгачкы макаласын согуш маалында фронтко жылуу кийим камдаган тылдагы адамдар тууралуу жазып, ал 1941-жылы Ак-Талаа райондук «Колхозчу» гезитине жарыяланган.

Кыргыз эл жазуучусу, драматург, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, искусствонун эмгек сиӊирген ишмери, Андерсен атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин Х чакырылышынын депутаты, коомдук жана мамлекеттик ишмер Шүкүрбек Бейшеналиев калтырып кеткен көркөм адабият, мурастар жана ой-пикирлер ар тараптан кеӊири изилдөөгө муктаж экендигин көргөзүп турат.




Новости по дате