http://www.ktrk.kg/Саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга үйдөн билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга үйдөн билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

25 Окт , 22:24 1467

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелүү жети жаштан 18 жашка чейинки балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу боюнча жобого өкмөт башчы кол койду. Бул кадам ден соолугуна байланыштуу мектепке бара албай жеке окутууга муктаж болгон балдар эми үйүндө билим алышат дегендик. 



Талия Салтаеванын он бир жаштагы кызы Амина жакында эле нейроблостома деген дартка чалдыкканы аныкталган. Бул коркунучтуу шишик дартын алып салуу боюнча ийгиилктүү операция жасалган. 


Ошенткен менен Амина калыбына келгиче дагы үч жылдай мектепке бара лбайт. Иммунитеттин төмөндүгүнөн улам дарыгерлер көпчүлүккө аралашпай турууга кеңеш берген. Ушул себептен биздин чыгармачыл топ да Амина менен баарлаша алган жок. Апасынын айтымында кызы менен жакындары, мугалимдери гана көрүшүп жатат. Аптасына бир нече жолу келген мугалимдер Аминаны окутуп кетишет.


Билим берүү министрлигинен билдиргендей ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген гана эмес ар кандай дартка чалдыккан балдар да үйүнөн билим ала алышат. Ал үчүн саламаттык сактоо ситемасынын дарыгерлерден турган комиссиясынан справка же билим берүү тутумундагы атайын адистердин корутундусу керек. 






Новости по дате