http://www.ktrk.kg/ИИМде миллиондук мыйзам бузуу аныкталды

ИИМде миллиондук мыйзам бузуу аныкталды

26 Окт 2018 , 8:58 653

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ички иштер министрлигине караштуу мекемеде 1 миллион 221 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды. ИИМдин маалыматына караганда, атайын багыттагы “Шумкар” полкуна бөлүнгөн кара май боюнча көрсөткүчтөрдү бурмалап жазуунун натыйжасында, анын 28 миң литрден ашууну эсептен чыгарылганы айтылууда. 

Текшерүүнү министрликтин ички иликтөөлөр кызматы жүргүзгөн. Кызматтык унаалардын спидометрлеринин көрсөткүчтөрүн бухгалтердик документтер менен салыштырганда жогорудагыдай айырма аныкталган. Мындан тышкары, “Шумкардын” кампасындагы автомобилдик тетиктер да жетишсиз болуп чыккан. Бишкек шаардык прокуратурасы бардык материалдарды изилдеп чыккандан кийин кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатат.

Новости по дате