http://www.ktrk.kg/Электр энергияга карызы бар 14 миң керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт

Электр энергияга карызы бар 14 миң керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт

29 Окт 2018 , 4:18 2723

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Электр энергияга карызы бар болгон дээрлик 14 миң керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт. Андыктан “Түндүк электр” ишканасы жарандарды карыздарын төлөөгө чакырат. 

Билдирүүгө караганда, 30-октябрда төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн Бишкектеги 7 миң 450 турмуш-тиричилик абонентинин электр камсыздоосу өчүрүлөт. Алардын карыздары 12 млн сомдон ашык каржыны түзгөн. Ал эми 31-октябрда 9 млн 800 миң сом карыз болгон дагы 6 миң 456 керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт. 

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүп, төлөө тартибин сактоо сунушталат. “Түндүк электр” ишканасы Бишкек боюнча 255 миң 458 абонентти тейлейт, анын 239 миң 898и жеке жана 15 миң 560ы юридикалык жактар. 

Новости по дате