http://www.ktrk.kg/Түнкү клубдагы мушташтан бир адам каза болду

Түнкү клубдагы мушташтан бир адам каза болду

29 Окт 2018 , 5:18 1016

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги түнкү клубда мушташтан бир адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат сайттарга окуяга күбө болгон жана атын атагысы келбеген адам кабарлаган. Маалыматка ылайык, окуя 7-апрель көчөсүндөгү "Mansion" клубунда болгон. Анда чатакташа кеткен эки жигиттин бири катуу соккудан улам эсине келбей каза болгон. 

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык милициясы маалымат бере элек. Айрым маалымат каражаттары окуя боюнча кылмышка шектүү эки адам кармалганын жазышууда.

Новости по дате