http://www.ktrk.kg/ Кыргыз спортчулар пауэрлифтинг боюнча дүйнө Кубогунда 43 медаль утушту

Кыргыз спортчулар пауэрлифтинг боюнча дүйнө Кубогунда 43 медаль утушту

31 Окт 2018 , 3:45 793

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык спортчулар пауэрлифтинг боюнча дүйнө Кубогунда 43 медаль утуп алышты. Аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиргендей, мелдеш Москвада өттү. Ага 12 өлкөдөн келген спортчулар катышты. Кыргызстан курама командасынан 22 киши ат салышты. 

Алар ар түрдүү жаш өзгөчөлүктөрү, көнүгүү жана номинация боюнча 38 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль утуп алышты.



Новости по дате