http://www.ktrk.kg/Медиафорум: телеберүү жана маалымат коопсуздугу маселелери талкууланды

Медиафорум: телеберүү жана маалымат коопсуздугу маселелери талкууланды

3 Нояб 2018 , 4:55 430

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте маалымат жана басма сөз күнүнө карата өнөктөштүк медиа конференциясы өттү. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын биргелешип өткөргөн жыйынына негизинен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып, маалымат айдыңындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору талкууланды. Алгач сөз Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловго берилип, ал өз сөзүндө азыркы коомдо маалымат каражаттарынын орду чоң экендигин белгилеп, журналисттерди так, адилеттүү маалыматтарды элге жеткирүүгө чакырды.


Медиа жыйында өлкөдөгү журналисттердин ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү коопсуздугу, телеберүү жана маалымат коопсуздугу маселелери каралды. Журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү коопсуздук, коркунучтардын алдын алуу боюнча Медиа Полиси Институтунун эксперттери, Жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон арыздарды кароо комиссиясынын мүчөлөрү жана Көз карандысыз журналисттер Союзунун жетекчилери акыркы жылдардагы журналисттерге болгон зордук – зомбулук фактылары жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн коргоочу мыйзамдар тууралуу маалымат беришти. Журналисттердин иш үстүндө өз коопсуздугун камсыздоосу, же кол салган адамдардын жоопкерчилиги талкуу жаратты.

Телеберүү жана маалымат коопсуздугу темасынын алкагында, өлкөдө 60 телеканал бар экендигин жана өлкөнүн маалымат саясатын жүргүзүүдө 60 телеканал көптүк кыларын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков белгиледи. Ошондой эле, телеберүүлөр боюнча мыйзамдардын аткарылышы, телеканалдардын мазмундук сапаты жана жарнама рыноктук абалы тууралуу конкреттүү маалымат берилди. 


Телеканалдарга болгон ишенимдин деңгээлин аныктоодо КТРК 75,3 пайыз менен алдыңкы орунда экендиги Биргелешкен медиа комитеттин мүчөсү Марина Кыдыралиеванын презентациясында көрсөтүлдү.

Маалымат коопсуздугунун алкагында массалык маалымат каражаттарына коюлган автордук укук талаптары каралып, бул боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын автордук укук жана чектеш укуктар башкармасынын башчысы Ырыс Турсуналиева түшүндүрмө берди. Учурда КТРК телеканалдары жана Марал FM радиосунда эфирден кеткен автордук материалдар автоматтык түрдө эсептелери  белгиленип,  башка маалымдоо каражаттарын да мыйзам талаптарына жараша иш жүргүзүүгө чакырды.

Медиа өкүлдөрүн бир аянтка чогулткан мындай форумдун маанилүүлүгү белгиленип, жыл сайын медиа тармагындагы түрдүү темаларда өткөрүлүп турарын уюштуруучулар билдиришти.

Новости по дате