http://www.ktrk.kg/Боронов: планда жазылган иштер кагаз бетинде калбоого тийиш

Боронов: планда жазылган иштер кагаз бетинде калбоого тийиш

5 Нояб , 10:28 343

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Планда жазылган иш-чаралар кагаз бетинде гана калбоого тийиш. Натыйжа болушу үчүн ар бир жетекчиден жоопкерчиликтүү мамиле талап кылынат. Биздин максат - калк жер-жерлерде жашоо сапатынын чындап жакшырганын сезгидей шарт түзүү. Мындай пикирин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, "2018-жылды - Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү" Президенттин жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча өткөн кеңешме учурунда билдирди. 

Боронов 2018-2022-жылдарга карата өлкөнүн аймактык саясатынын концепциясы ишке ашырылып жатканын эскертип, бул документтин багыттарынын бири өсүү түйүндөрүн аныктоо жана республиканын жети облусунун ар биринин экономикасын өнүктүрүүнүн кластердик принцибин өнүктүрүү экенин белгиледи. Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күнү 14 шаардын өнүктүрүү программасы бекитилген, 6 шаардын программасы аяктоо баскычында турат.

Новости по дате