http://www.ktrk.kg/Кара-Суу шаарында спорттун эркин күрөш түрү өнүгүүдө

Кара-Суу шаарында спорттун эркин күрөш түрү өнүгүүдө

5 Нояб 2018 , 16:33 718

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эркин күрөш боюнча Ташкентте өткөн эл аралык мелдешке Кара-Суу шаарынан 8 спортчу жолдомо алып, катышып келишти. Райондук спорт комитеттен билдиришкендей, жыйынтыгында алардын ичинен төртөө алдыңкы үчилтикке кошулган. 

«Ташкентте өткөн эл аралык мелдешке Кара-Суудан 8 спортчу барган эле. Алардын ичинен төртөө медаль алышты. Эки спортчу алтын медалга ээ болсо, экөө күмүш медалга татышкан», - деди райондук спорт комитеттин төрагасы Заирбек Эшмаматов.

Буга чейин кара-суулук 10 өспүрүм Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн эл аралык мелдешке катышып, бардыгы медаль алып келишкен болчу.


Новости по дате